«Элдик Банк» ААКнын Ислам терезеси жана Кыргызстандагы «MG Motor» расмий дистрибьютору «Мурабаха Авто» өнүмү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту
«Элдик Банктын» Ислам терезеси жана Кыргызстандагы «MG Motor» расмий дистрибьютору стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюлганын кубануу менен маалымдайт. Өнөктөштүк алкагында тараптар «Мурабаха Авто» өнүмү боюнча биргелешкен акцияны ишке киргизүүдө. Бул акция кардарларга «MG» унааларын ислам каржылоосунун принциптерине ылайык, пайдалуу шарттарда сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
«Мурабаха Авто» өнүмү пайызсыз ислам банкингинин принциптерине негизделген унаа сатып алууну каржылоону карайт. Бул принциптер үстөккө (өсүмгө) тыюу салат жана келишимдин шарттарынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылат. Жаңы өнүм адеп-ахлактык жана адилет каржылык чечимдерди тандаган кардарларды колдоого багытталган.
«MG» расмий өкүлү менен кызматташып жатканыбызга жана кардарларыбызга исламдык каржылоонун талаптарына шайкеш, сапаттуу унааларды пайдалуу шарттар менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштай алгандыгыбызга кубанычтабыз», — деп белгилешти банктан.
MG (Morris Garages) — 1924-жылы негизделген кылымдык тарыхы бар британиялык унаа бренди. 2007-жылы бул марканы кытайлык SAIC Motor компаниясы сатып алган. Анын башкаруусунда MG дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүү жана инновациялык унааларды сунуштап, активдүү өнүгүүдө. Ассортиментинде электрдик Cyberster родстери, спорттук MG 7 лифтбеги, орточо өлчөмдөгү MG HS кроссовери жана компакттуу MG ZSкроссовери бар.
Бул өнөктөштүк эки тараптын рыноктогу позицияларын чыңдоого жана Кыргызстанда заманбап унааларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
