Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» ААК «Скай Мобайл» (Beeline Кыргызстан бренди) компаниясын сатып алуудагы стратегиялык бүтүмдү соңуна чыгарды

13 августа 2025

«Элдик Банк» ААК «Скай Мобайл» (Beeline Кыргызстан бренди) компаниясын сатып алуудагы стратегиялык бүтүмдү соңуна чыгарды

Элдик Банк Beeline бренди менен кызмат көрсөтүүчү “Скай Мобайл”  ЖЧК мобилдүү байланыш операторунун 100% үлүшүн ийгиликтүү сатып алды. Бул бүтүм санарип экосистемасын өнүктүрүүдө жана Элдик Банктын технологиялык инфраструктурасын бекемдөөдө маанилүү этап болуп калды. 

Аталган бүтүм корпоративдик бүтүмдөрдүн (M&A) эл аралык стандарттарына ылайык, анын ичинде, комплекстүү укуктук, техникалык, финансылык жана салык төлөмдөрүн текшерүү (due diligence) менен ишке ашырылган. Үлүштү сатып алуу-сатуу жагындагы негизги келишим – Share Sale Purchase Agreement Англия жана Уэльс укук ченемине ылайык түзүлгөн, бул ачык-айкындыкты, тараптардын укуктук корголуусун жана дүйнөлүк инвесторлор менен өнөктөштөрдүн ишенимин камсыздоочу эл аралык тажрыйба болуп саналат.

Компаниянын үлүшүн толук сатуу ишин штаб-квартирасы Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан VEON Ltd. эл аралык телекоммуникация тобу жана казакстандык “Верный Капитал” тобуна кирген Crowell Investments Ltd инвестициялык компаниясы жыйынтыкташты. Аталган бүтүм инвестициялык банкинг жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен ишке ашырылды.

- Биз Скай Мобайл компаниясын сатып алуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга ачык жана кесипкөй мамиле жасоонун  үлгүсү болуп калганына сыймыктанабыз. Эл аралык юридикалык механизмдерди жана мыкты M&A тажрыйбаларын колдонуу биздин дүйнөлүк финансылык-экономикалык мейкиндикке интеграциялануу багытыбызды баса белгилейт. Скай Мобайлды сатып алуу - жөн гана телеком-актив эмес. Бул Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү жана биздин жарандарыбыздын жашоо-турмуш сапатын жакшыртуу максатында банк жана коммуникация технологияларын бириктире турган кубаттуу санариптик платформаны калыптандырууга жасалган кадам. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылды, - деп белгиледи Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

“Скай Мобайл” компаниясын сатып алуу Банктын санариптик жана технологиялык институт катары өнүгүүсүнүн жаңы башкы барагын ачып жатат. Аталып жаткан бул эки бараандуу компаниянын дараметин бириктирүү бизге мобилдүү банкинг, санариптик төлөмдөр, азыркы заманга бап келген финансы жана коммуникация кызматтарын көрсөтүү тармагында рынокко алдыңкы чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берет. Буйруса, жакынкы арада финтехти өнүктүрүүгө, заманбап төлөм инструменттерин интеграциялоого жана аймактарда санариптик каражаттар аркылуу төлөө сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорубуз ишке ашырылат.

“Скай Мобайл” компаниясы өзүнүн командасын, операциялык-иш моделин жана кардар базасын сактап калуу менен, Beeline бренди астында иш-аракетин уланта бере тургандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз.

Элдик Банк биздин өнөктөштөрүбүзгө – VEON Ltd. эл аралык телекоммуникация тобуна жана Crowell Investments Ltd (Verny Capital Group) инвестициялык компаниясына – бүтүмдү даярдоо жана ишке ашырууда конструктивдүү кызматташуусу жана жогорку кесипкөйлүк мамилелери үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирет. Ошондой эле, бүтүмдөрдүн эл аралык стандарттарга ылайык ийгиликтүү аякташын камсыздаган бардык тараптардын командаларына, юристтерге, консультанттарга жана адистерге өзүнчө ыраазычылык билдиргибиз келет. Биз, ошондой эле, VEON Ltd. компаниясынын башкы директору Каан Терзиоглунун жана Crowell Investments директорлор кеңешинин төрагасы жана Верный Капитал Групптун башкы директору Айдан Акановдун жеке салымын жогору баалайбыз, анткени алар лидерлик сапаты жана стратегиялык көрө билүүсү менен өз ара пайдалуу натыйжага жетишүүгө салым кошо алышты.

Маалымат иретинде:

VEON Ltd. - бир нече өнүгүп келе жаткан рыноктордо үлүштүк катышуусу менен Нидерланддарда катталган глобалдык телекоммуникациялык топ. VEON акциялары NASDAQ жана Euronext Amsterdam тооруктарында жүгүртүлүп турат.

Crowell Investments / "Верный Капитал" - инвестициялык компания болуп саналат жана "Верный Капитал" тобуна кирет - телекоммуникация, финансы, кыймылсыз мүлк жана инфраструктура тармагында долбоорлорду ишке ашыруучу Казакстандагы ири жеке инвестициялык холдингдердин бири.

Скай Мобайл (Beeline Кыргызстан) - Кыргыз Республикасындагы миллиондогон абоненттерге кызмат көрсөтүп жаткан ири мобилдик операторлордун бири. Ал үн аркылуу байланышуу, мобилдүү интернет, санариптик чечимдер жана корпоративдик кызматтар чөйрөсүндө иш алып барууда.