Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Жаңы "Элдик" мобилдик тиркемесин жүктөп ал!

26 декабря 2024

Жаңы "Элдик" мобилдик тиркемесин жүктөп ал!

Жаңы «Элдик» мобилдик банкинг тосуп аласыздар! 

«Элдик» заманбап технологияларды, интуитивдик түшүнүктүү интерфейсти жана стилдүү дизайнды өзүнө камтыйт. Жаңы мобилдик банкингдин негизги өзгөчөлүктөрү - интерфейстин ыңгайлуулугу жана жөнөкөйлүгү.

Тиркеме кардарлар үчүн ыңгайлуулук жана жеңил навигация менен иштелип чыгып, банктын операцияларын тез жана эч кандай кыйынчылыксыз аткарууга шарт түзөт.

Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган. Тиркемеде маалыматтарды коргоонун заманбап технологиялары, анын ичинде эки фактордуу аутентификация жана биометрикалык жүздү таануу функциялары колдонулган, бул жогорку ишенимдүүлүктү камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө тиркемеде 1000ден ашык кызмат көрсөтүлүүдө:

  • эл аралык жана жергиликтүү которуулар;
  • SWIFT-которуулар;
  • кызматтар жана товарларга акы төлөөлөр;
  • ыкчам QR-код аркылуу төлөмдөр;
  • мамлекеттик кызматтардын кеңири спектрин төлөө;
  • жана башка көптөгөн онлайн кызматтар.

Мобилдик тиркеме кардарлардын пикирлерине негизделип, кошумча иштелип чыгары жана өркүндөтүлөрү белгиленет. Жаңы «Элдик» мобилдик банкингине өтүү үчүн тиркемени iOS жана Android платформаларынан жүктөп алып, көрсөтүлгөн жөнөкөй кадамдарды аткаруу керек.