Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Маанилүү маалымат: RSK24 мобилдик тиркемесинин иши жөнүндө

25 ноября 2025

Маанилүү маалымат: RSK24 мобилдик тиркемесинин иши жөнүндө

Урматтуу кардарлар!
Биз санариптик кызматтарды мындан ары да жакшыртып, аларды дагы ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап кылууга умтулуудабыз.

2026-жылдын 1-январынан тарта RSK24 мобилдик тиркемеси тейленбейт.
Сиздер үчүн ыңгайлуу болушу үчүн бардык функцияларды толук камтыган жана мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген ELDIK тиркемеси жеткиликтүү.

ELDIK аркылуу которууларды, төлөмдөрдү, карталар боюнча операцияларды, насыялар, аманаттар боюнча кызматтарды жана башка операцияларды жеңил жана коопсуз түрдө аткара аласыз. Тиркеме тезирээк иштейт, туруктуураак жана үзгүлтүксүз жаңыртылып турат.

Өтүү бир нече мүнөттү гана талап кылат — ELDIK тиркемесин орнотуп, адаттагыдай кирип, зарыл болсо санарип идентификациядан өтүңүз. Бардык маалыматтарыңыз жана кызматтарыңыз жаңы тиркемеде жеткиликтүү.

Биз сиздерге финансылык кызматтарды эң ыңгайлуу жана коопсуз форматта сунуштоо үчүн ишибизди улантып, санариптик продуктулардын сапатын дайыма жогорулата беребиз.