"Элдик Банк" ААКсынын стратегиялык сессиясы болуп өттү

7–8-февралда Элдик Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана InteriseGroup эл аралык компаниянын эксперттеринин катышуусунда стратегиялык сессия өткөрүлдү.
Иш-чара алдын ала жүргүзүлгөн биргелешкен аналитикалык иштин жыйынтыгы болуп, Банктын рыноктогу позициясын чыңдоого жана өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктоого багытталды. Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар баштапкы талдоо баскычында аныкталган негизги өсүү баскычтарын талкуулап, алардын эл аралык жана рыноктогу мыкты практикаларга шайкештигин баалашты, ошондой эле, алардын кардарларга басым коюга, натыйжалуулукка жана Банктын туруктуулугуна тийгизген таасирине жараша өнүгүү багыттарына артыкчылыкты белгилешти.
Ошондой эле, мындан аркы кадамдарды шайкеш келтирүү жана стратегияны иш жүзүнө ашыруу үчүн InteriseGroup менен өз ара аракеттенүүнүн операциялык моделин бекитүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сессиянын жыйынтыгында теориялык иштеп чыгуулардан Эл аралык тажрыйбаны учурдагы бизнес-моделге интеграциялоого багытталган иш-аракеттер планына өтүү чечими кабыл алынды.










