Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк — Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун версиясы боюнча «Жылдын каржылык өнөктөшү»!

27 октября 2025

Элдик Банк — Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун версиясы боюнча «Жылдын каржылык өнөктөшү»!

Элдик Банк мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча IV Эл аралык конференцияга катышты. Аталган иш-чара Кыргызстандын инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорунун келечегин талкуулоо максатында өкмөт өкүлдөрүн, эл аралык финансылык институттарды, жеке секторду жана эксперттик коомчулукту бириктирди.

Конференциянын жыйынтыгында Элдик Банк «Жылдын каржылык өнөктөшү» деген абройлуу сыйлыкка ээ болду. Бул сыйлык банктын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин негизинде инфраструктуралык жана социалдык демилгелерди өнүктүрүүдөгү салымынын жогору бааланып жатканын тастыктоодо.

«Мобилдүүлүк жана инвестиция байланышы: мамлекеттик-жеке өнөктөштүк транспорт секторунун өнүгүшүнө кандайча өбөлгө түзөт» темасындагы панелдик сессиянын алкагында Элдик Банктын Долбоорлорду башкаруу кеңсесинин жетекчиси Алмаз Сазбаков чыгып сүйлөп, банктын транспорттук жана санариптик инфраструктураны каржылоодогу негизги демилгелерине токтолду. Элдик Банк өлкөбүздө транспорттук системаны модернизациялоого, туруктуу шаарларды өнүктүрүүгө жана жашыл инвестицияларды колдоого багытталган долбоорлорду ишке активдүү ашырып келет.

Элдик Банктын мындай сыйлыкка татыктуу болушу мамлекет жана бизнес менен өнөктөштүктү чыңдоо стратегиясын, ошондой эле ESG, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика принциптерин илгерилетүүдө Банктын орду салмактуу экенин айгинелеп койду.