Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» Борбордук Азиядагы климаттык туруктуулук боюнча региондук семинарга катышты

27 октября 2025

«Элдик Банк» Борбордук Азиядагы климаттык туруктуулук боюнча региондук семинарга катышты

«Борбордук Азияда климаттык туруктуулукту жогорулатуу үчүн инвестицияларды көбөйтүү: натыйжалуу стратегиялар жана инструменттерди изилдөө» аттуу региондук семинар алкагында ААК «Элдик Банк» региондогу өлкөлөрдөн келген катышуучулар үчүн сессия өткөрдү.

Сессияны ачып жатып, «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасынын орун басары Айчурек Жакыпова каржы тутуму үчүн ачыктыктын жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Банктын ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик жаатындагы приоритеттерин белгилеп, акыркы мезгилдеги негизги жетишкендиктерди — натыйжалуулуктун өсүшүн жана инновациялардын киргизилишинин жыйынтыктарын сунуштады.

Айджан Кариева, Туруктуу өнүгүү (ESG) Департаментинин жетекчиси, Банктын климаттык күн тартибин продуктыларга жана процесстерге интеграциялоо боюнча практикалык мисалдары менен ыкмаларын көрсөтүп, сессияны алып барды.

Иш-чаранын максаты — климаттык туруктуулукту каржы секторунун практикаларына интеграциялоо болду. Катышуучулар каржылоону мобилизациялоо куралдарын талкуулап, климаттык адаптация, ESG, «жашыл» каржылоо жана социалдык долбоорлор боюнча тажрыйба алмашышты.

Спикерлердин баяндамалары Банктын туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдөгү жана экологиялык жоопкерчиликтүү экономиканы түзүүдөгү лидердик ролун дагы бир жолу тастыктады.