Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк бажы төлөмдөрүн QR-код боюнча кабыл алуу кызматын ишке ашырууда

30 октября 2025

Элдик Банк бажы төлөмдөрүн QR-код боюнча кабыл алуу кызматын ишке ашырууда

Төлөм жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү максатында Кыргызстанда алгач ирет жаңы ыңгайлуу кызмат — Элдик Банктын QR-коду аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөө кызматы ишке киргизилди.

Эми, мындан ары, кардарлар бардык зарыл болгон бажы төлөмдөрүн кезек күтпөстөн же төлөм акыларысыз (комиссия) бат жана коопсуз төлөй алышат. Мында төлөөнүн үч ыңгайлуу ыкмасы каралган:

  • Өз алдынча төлөө – Мамлекеттик бажы кызматынын www.customs.kg  сайтында QR кодун пайдалануу;
  • Бажы кызматынын адиси аркылуу төлөө – даяр QR-кодун сканерлеп, кайсы болбосун мобилдүү банкинг жардамы менен төлөө;
  • Элдик Банктын көчмө кассасында төлөө – Мамлекеттик бажы кызматынын бөлүмдөрүнүн өзүндө.

Бул жаңы кызмат нак төлөө жана кагаз квитанциялары түйшүгүнөн толук арылтуу менен, төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун, тез болушун жана коопсуздугун камсыздайт. Бардык операциялар Элдик Банктын интеграцияланган санариптик каналдары аркылуу жүргүзүлөт, бул кардарлардын маалыматтарынын ишенимдүү корголушун жана андан ары каражаттардын бюджетке бөлүштүрүлүшү менен маалыматты бажы системасына өз убагында берүүнү камсыздайт.

Аталган долбоор нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылды, ошондой эле, жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган.

«Биз Кыргызстандагы коммуналдык төлөмдөрдөн баштап мамлекеттик төлөмдөргө чейинки бардык төлөмдөрдүн бир көз ирмемде аткарылышын шарттоого умтулабыз. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге биз кардарлардын убактысын үнөмдөгөн жана төлөм процесси мүмкүн болушунча жөнөкөй жана ачык-айкын болгон  заманбап  каражатты иштеп чыктык», - деп белгилеп кетти  Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Бажы кызматына төлөмдөрү QR-код боюнча төлөө кызматынын иштей башташы мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга өбөлгө болгон санарип чечимдерин иштеп чыгуудагы дагы бир кадам – жетишкендик болуп саналат.