22 января 2026
Visa Infinite карталары боюнча шарттардын жаңыртылышы
Урматтуу кардарлар!
Visa Infinite премиалдык карталарынын ээлери үчүн Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунун VIP-залына кирүү шарттары өзгөргөнүн маалымдайбыз.
2026-жылдын 15-январынан тартып VIP-залга акысыз кирүү Visa Infinite картасы боюнча 35 күндүн ичинде (30 + 5) кеминде 80 000 сомго (же башка валютадагы эквивалент суммада) соода жүргүзүлгөн учурда гана мүмкүн болот.
Эсептөөгө төмөнкүлөр кирбейт:
- QR аркылуу төлөмдөр
- которуулар
- эсепти толуктоо
- эсептен акча алуу
Сураныч, саякаттарыңызды пландаштырууда жаңыланган талаптарды эске алыңыз.
Түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жагымдуу сапарларды каалайбыз.