“Элдик Банк” — Кыргызстан Экспо 2025 башкы өнөктөшү
Элдик Банк Кыргызстан Экспо 2025тин башкы өнөктөшү болуп чыкты. Бул — бизнес энергиясын, инновациялык шыктандырууну жана идеялардын күчүн бириктирген ири иш-чара. Мындай демилгелерди колдоо менен банк Кыргызстанда ачык, туруктуу жана технологиялык жаңы экономиканын калыптанышына салым кошууда.
Элдик Банк бизнес менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоого багытталган каржылык чечимдерди активдүү өнүктүрүүдө. Негизги багыттардын катарына төмөнкүлөр кирет:
– факторинг жана контракттык каржылоо программалары;
– жашыл кредиттер жана экологиялык жоопкерчиликтүү долбоорлорду колдоо;
– бардык жарандар үчүн каржылык инструменттерди жеткиликтүү кылган заманбап санариптик сервистер.
«Элдик Банк мындан ары да экономикалык өсүшкө салым кошуп, ишкерлерге жана агросекторго ишеним менен алдыга карай жылууга жардам берет. Бул форум Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан өнөктөштүктөр менен чечимдер жаралган аянтчага айлансын», — деп белгиледи «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
Форумда кызматкерлер бизнес, факторинг, контракттык каржылоо, ислам каржылоосу, жашыл кредиттер жана лизинг багыттары боюнча консультацияларды сунушташты.
«Кыргызстан ЭКСПО 2025» Кыргызстан экономикасына инвестиция тартууда, экспортту илгерилетүүдө жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү аянтча болду.

