Элдик банктын Ислам терезеси жана «Спарк» кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту
«Элдик банк» ААКнын Ислам терезеси жана «Грин Спарк» ЖЧКсы (SPARK соода белгиси) Кыргыз Республикасында электр транспорт үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту.
Келишимдин алкагында банк өлкө аймагында SPARK электр кубаттоо станцияларын сатып алуу үчүн финансылык колдоо көрсөтөт. Бул заряддоо түйүндөрүнүн тармагын тез кеңейтүүгө жана электромобил ээлери үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берип, экологиялык таза транспорт каражаттарына өтүүнү колдойт.
Мындан тышкары, тараптар экологиялык абалды жакшыртууга, энергияны үнөмдөө деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтууга багытталган ESG-инициативаларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашты.
SPARK компаниясы жана Элдик банктын Ислам терезеси бул кызматташтык Кыргызстанда «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн заманбап, жеткиликтүү жана экологиялык багыттагы инфраструктураны калыптандырууда маанилүү кадам болорун белгилешет.
