Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Казакстанда өткөн Central Asia Fintech Summit 2025'те

17 ноября 2025

Элдик Банк Казакстанда өткөн Central Asia Fintech Summit 2025'те

Элдик Банк Казакстанда өткөн жана каржы тармагынын алдыңкы өкүлдөрүн бириктирген Central Asia Fintech Summit 2025 иш-чарасына активдүү катышты. Банктын атынан Туруктуу өнүгүү (ESG) департаментинин жетекчиси Айжан Кариева катышты. Форумда спикер катары сөз сүйлөгөн Айджан Кариева финтех-технологияларды өнүктүрүүдө туруктуу практикаларды интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Central Asia Fintech Summit 2025тин миссиясы — Борбор Азия өлкөлөрүндө жана анын чегинен тышкары төлөм системаларын жана финтех индустриясын өнүктүрүүгө багытталган билимдерди, тажрыйбаларды жана идеяларды бөлүшүүгө арналган эл аралык аянтча түзүү.

Пленардык жыйындарда инновацияларды жөнгө салуу, каржы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле туруктуу каржылык экосистеманы түзүү үчүн санариптик технологияларды интеграциялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элдик Банктын мындай ири масштабдагы иш-чарага катышуусу банктың алдыңкы ESG ыкмаларын киргизүүгө, инновацияларды колдоого жана Борбор Азиянын келечектеги каржылык инфраструктурасын түзүүгө активдүү катышууга умтулуусун баса белгилейт.