Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк ЮНИСЕФ Кыргызстан алдында түзүлгөн Балдар маселелери боюнча Бизнес-консультативдик кеңештин мүчөсү болду

20 ноября 2025

Элдик Банк ЮНИСЕФ Кыргызстан алдында түзүлгөн Балдар маселелери боюнча Бизнес-консультативдик кеңештин мүчөсү болду

Бүгүн БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Дүйнөлүк балдар күнүнө арналган «Балдар – биздин башкы ишибиз!» деген ураан алдында иш-чара өткөрдү. Алаңда жеке сектордун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулушту.

Элдик Банк аталган иш-чарага катышып, ЮНИСЕФ жана Эл аралык бизнес кеңешинин колдоосу менен түзүлгөн Балдар маселелери боюнча Бизнес-консультативдик кеңештин расмий мүчөсү болуп кирди. Бул кызматташтык Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргоого жана алардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган системдүү демилгелерди өнүктүрүүгө жардам берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга өлкөдөгү балдардын учурдагы абалы боюнча аналитикалык маалымат, ошондой эле Бала укуктары жана бизнес жүргүзүү принциптери сунушталды. Өзгөчө көңүл жеке сектордун жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан панелдик талкууга бурулуп, анда бизнес балдардын укуктарын өнүктүрүүгө кандай салым кошо алары, кайсы багыттар биргелешкен аракеттерди талап кылаары кеңири талкууланды.

Элдик Банктын Балдар маселелери боюнча Бизнес-консультативдик кеңешке кошулуусу банктын социалдык жоопкерчиликтүү бизнеске берилгендигин жана Кыргызстандагы балдар үчүн инклюзивдүү, коопсуз жана туруктуу келечек түзүүгө узак мөөнөттүү салым кошууга умтулуусун чагылдырат.

Элдик Банк мындан ары да балдардын укуктарын коргоого жана алардын толук кандуу өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзгөн демилгелерди активдүү колдоону улантат.