Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Самаркандда ишкер аялдарды колдоого арналган регионалдык воркшопто

19 ноября 2025

Элдик Банк Самаркандда ишкер аялдарды колдоого арналган регионалдык воркшопто

18–20-ноябрь 2025-жылы Элдик Банк Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы жана Financial Alliance for Women тарабынан уюштурулган Women Entrepreneurs Finance Code (WE Finance Code) тууралуу регионалдык воркшопко катышууда. Иш-чара Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүүдө.

🔹 Элдик Банктын атынан катышкан:
Кредиттик департаменттин башчысы Сапаралиева Жийдегүл банк тарабынан ишкер аялдарды колдоого багытталган каржылык жана каржылык эмес демилгелерди, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктөрдү презентациялады. Элдик Банк Кыргызстанда ишкер аялдарды каржылоонун лидери катары өз позициясын бекемдеп келе жатат.

Бул тренинг аялдардын Микро, кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүү үчүн эффективдүү стратегияларды иштеп чыгууга, регионалдык тажрыйбалар менен алмашууга жана финансылык инклюзияны кеңейтүүгө багытталган.

Алынган билимдер жана инструменттер ишкер аялдарды мындан ары да кеңири колдоого, ошондой эле алардын Кыргызстан экономикасындагы ролун жогорулатууга негиз болот.