Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” форумуна катышты

28 октября 2025

Элдик Банк “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” форумуна катышты

Элдик Банк “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” аттуу форумга катышты Өнүгүү саясаты институту уюштурган иш-чаранын жүрүшүндө аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө шыктануу, жергиликтүү демилгелер үчүн институционалдык ресурстар жана каржылоо куралдарына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле “Жергиликтүү кеңештин депутаты – аялдын жергиликтүү демилгеси” аттуу сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Регионалдык насыяларды координациялоо боюнча регионалдык менеджер Сайкал Замирбекова “Аялдар арасында бизнести өнүктүрүүгө багытталган каржылык инструменттер” темасында презентация жасап, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө арналган Банктын продуктыларын жана өлкө боюнча биздин кардар аялдардын төрт ийгиликтүү тажрыйбасын сунуштады.

Элдик Банк аялдардын ишкердигин активдүү колдойт жана өз кардарларынын жетишкендиктери менен сыймыктанат, гендердик сезимталдыкка жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп, туруктуу чечимдерди ишке ашырып келет.