Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Важная информация по работе интернет-банкинга

01 декабря 2025

Важная информация по работе интернет-банкинга

Урматтуу кардарлар!

«Элдик Банк» ААК юридикалык жактар үчүн арналган дистанциялык кызматтардын иштеринде пландалган өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлайт. 2026-жылдын 1-январынан тартып юридикалык жактар үчүн колдонулуп келген интернет-кабинет жаңы, заманбап платформага өтүүгө байланыштуу өз ишин токтотот.

2025-жылдын декабрь айында бардык кардарларга юридикалык жактар үчүн жаңыртылган интернет-банкингге кирүү мүмкүнчүлүгү берилет. Банктын кызматкерлери алдын ала жооптуу колдонуучулар менен байланышка чыгып, авторизация жана системага кирүү боюнча толук маалымат беришет.

Учурдагы интернет-кабинетте жеткиликтүү болгон бардык функционал жаңы версияда толугу менен сакталып, мындан да ыңгайлуу болду. Кардарлардан эч кандай аракет талап кылынбайт — кызматкердин байланышуусун гана күтүп, берилген нускамалардын негизинде баштапкы орнотуудан өтүү жетиштүү.

Ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жаңы интернет-банкинг банктын финансы кызматтары менен иштөөнү дагы да ыңгайлуу кылаарына ишенебиз.