30 октября 2025
1 жана 2-ноябрда иштөө убактысы
Урматтуу кардарлар!
Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосуна байланыштуу,
БШКнын пайдасына шайлоо күрөөсүн кабыл алуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн
1 жана 2-ноябрь күндөрү «Элдик Банктын» Башкы операциялык башкармалыгы, филиалдары жана аманат кассалары саат 18:00гө чейин иштейт.
Ошол эле учурда, Кардарларды тейлөө борборлору бул күндөрү иштебейт.
Өзүңүздүн төлөмдөрүңүздү жана операцияларыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.
Түшүнүүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.