Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Контракттарды банктык коштоо

Контракттын банктык коштоосу (БК) — бул ыйгарым укуктуу банк тарабынан банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде камсыз кылынуучу кызмат болуп эсептелет:

  • төлөмдөрдү жүргүзүү;

  • контрактты аткаруу процессинде жеткирүүчү жана ага тартылган башка тараптар тарабынан жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү көзөмөлдөө (максаттуу каражаттын сарпталышын көзөмөлдөө максатында ыйгарым укуктуу банктын өзүнчө эсебинде жүргүзүлөт);

  • контракттарды банктык коштоонун жыйынтыктарын сатып алуучу уюмга жеткирүү.

Мамлекеттик сатып алуулардагы БК колдонуу максаттары:

  • сатып алуулар үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

  • сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу;

  • мамлекеттик сатып алуулар боюнча контракттардын аткарылышынын ачык-айкындыгын камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы №273 «Келишимди банктын коштоосу жөнүндө» Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 2025-жылдын 8-июлундагы №120-Б «Келишимдерди банктын коштоосун киргизүү чаралары жөнүндө» Буйругуна ылайык, «Элдик Банк» ААК мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө келишимди банктын коштоо кызматын (БСК) көрсөткөн ыйгарым укуктуу банк болуп эсептелет.

Банктык коштоо кызматтары:

  • Интерактивдүү отчеттуулук – мамлекеттик мекемелер жана мамлекеттик компаниялар үчүн.
    👉 https://ir.obs.rsk.kg/

  • Интернет-банкинг – аткаруучулар жана кошо аткаруучулар үчүн.
    👉 https://gbank.rsk.kg/

  • Тастыктоочу документтерди кабыл алуу порталы – аткаруучулар жана кошо аткаруучулар үчүн.
    👉 https://obs.rsk.kg/

Банкка кайрылуу (контракттарды банктык коштоо маселелери боюнча):
📍 Бишкек ш., Чүй проспектиси 96
📞 +996 555 514 382

 

 

СУРООЛОР – ЖООПТОР

Мамлекеттик сатып алуулардагы келишимдерди банктын коштоосу боюнча көп берилген суроолорго жооптор ушул жерде.

Сатып алуучу уюмдар үчүн таанытма

Контракты банктык коштоого билдирме

КБК келишим

Банкты коштоо контракт, товарларды берүү

Банктык коштоо келишимин түзүүгө документтердин тизмеги

Мүмкүнчүлүк берүүгө билдирме

Банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө билдирме

Коштолуучу контракттын аткарылышы жөнүндө кабарлоо

Банкка которууга билдирмелерди жана негиздөөчү документтерди жөнөтүү схемасы

Төлөмдөрдү макулдашуу

Контракттарды банктык коштоо шарттары

Презентация

Кызмат көрсөтүүлөргө контракт